Ырларым

Category: Poetry
Жүрөгүмдү жарып чыгып, ырларым,
Эл ичинде гүлдө жайып канатың.
Канча болсо күчүң, отуң — ошончо
Жер бетинде жашоо үчүн бар акың!
Сенде менин сезимимдин бардыгы,
Сенде менин мөлтүр тунук жаш чагым.
Өлүп кетсең — мен да кошо өлөмүн,
Сен жашасаң — менин жашап жатканым.
Элим менен жүрөгүмдүн буйругун
Жалындатып ырларыма бергенмин.
Ырым менен досторумду кубантып,
Ырым менен душмандарды жеңгенмин.
Балит турмуш, ыракатка күнүмдүк
Алданбаймын ар-намысым уткуруп.
Ырымдагы чындык, жалын, махаббат-
Өмүрүмдүн бүт сыймыгы туптунук.
Өлсөм дагы жүрөк кылбас кыянат
Ырымдагы кирсиз ыйык антына.
Ырларымды элиме бүт арнадым,
Өмүрдү да берем сүйгөн калкыма.
Ырдадым мен даңктуу согуш майданын
Ырдадым мен өмүр жазын чачкан нур.
Өз башымды балтасына желдеттин
Туткан кезде жазылмакчы акыркы ыр.
Ыр үйрөттү мени эркин жашоого,
Өлүүгө да баатырларча октолуп.
Өмүрүм да турушунча ыр эле,
Өлүмүм да жер жаңыртар ыр болуп.
1943